Эларалык келишимдерди каттоо
Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)ЭЛАРАЛЫК КЕЛИШИМДЕРДИ КАТТОО – эларалык уюмдун атайын каттоосуна күчүнө кирген эларалык келишимди киргизүү, бул андай уюмдун органдарында ага шилтеме жасоого мүмкүндүк түзөт. Э. к. к. БУУ, ЭЖАУ катчылыктарында жана башка эларалык уюмдарда ишке ашырылат. БУУда каттоодон өткөн келишимдер анын атайын жыйнактарында жарыяланат. КР эларалык келишимдерин каттоону КР Тышкы иштер министрлиги ишке ашырат.